• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде милиция жоголгон малды ээсине кайтарды

Аймак 0


Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Баткенде милиция жоголгон малды ээсине кайтарды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Кара-Токой айылынын 47 жаштагы тургунунун 3 баш бодо малы 2021-жылдын октябрь айында Өзбекстандын Фергана облсунунун Сох району менен чектешкен жерде жоголуп кеткен.

Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев Сох РИИБнин башчысы менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, эки тараптын милиция кызматкерлери кызматташып, 2022-жылдын 23-январь күнү жоголгон мал Өзбекстандан кайтарып алынды.

Кайтарылган мал өз ээсине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий