• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде зомбулуксуз жашоого үндөгөн иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек. 01.12.22. /Кабар/. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто мектебинде милициянын демилгеси менен “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияга мектеп окуучулары, мектеп мугалимдери жана айыл аймактын өкүлдөрү, соцпедагогдор катышты. Акцияда жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында ар түрдүү аталыштагы лозунгтар илинип, жөө жүрүштөр өткөрүлдү.

Милиция кызматкерлери акцияга катышкан катышуучуларга жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

2022-жылдын 11 ай ичинде бул аймакта зордук-зомбулук катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий