• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде мобилдүү топтор аткезчиликке бөгөт коюу үстүндө иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМнин облустук башкармалыгы жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор, аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.

Кечээ, 2-мартта, мобилдүү топтор, Лейлек району менен чектешкен Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара-Худжанд жолунун боюнда жайгашкан, (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куюучу жайларга кароо жүргүзүштү.

Адистер май куюучу жайлардын ээлерине, мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган май куюучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш аракеттерден алыс болуу боюнча эскертүүлөрдү беришти.

Белгилеп өтсөк, эл арасында, иштебей турган май куюучу жайлар, кошуна мамлекеттерге аткезчилик менен тымызын күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө такталбаган маалыматтар тараган.

Аймактык салык кызматынын маалыматына таянсак, Исфара-Худжанд жолунун боюнда эле Кыргызстанга тийиштүү 26 май куюучу жай жайгашкан, анын ичинен бүгүнкү күндө мамлекеттик салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына туташкан 17 май куюучу жай иштеп жатат.

Ал эми калган 9 май куюучу жай автоматташтырылган электрондук системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылган.

Лейлек районунда жалпы 73 май куюучу жай катталган. Учурда анын автоматташтырылган электрондук системага туташкан 42си иштеп жатат. 25и автоматташтырылган электрондук системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылып, 6сы ишке жараксыз экендиги аныкталган.

Жол боюндагы май куюучу жайлардын көптүгүн адистер эки мамлекеттин чек арасынан өткөн жолдогу автоунаа кыймылынын көптүгү менен түшүндүрсө, облус аркылуу өткөн оор жүк ташуучу унаалардын көптүгүн, эл аралык келишимдерге ылайык, облус транзиттик жол экендиги менен түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, 1-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөрүп, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды коюп, мыйзамсыз иш-аракеттерге токтоосуз чара көрүү мезгили келип жеткендигин айткан.

Ошондой эле өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча атайын буйругу чыкты.

Пикир

Оставить комментарий