• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде мурда соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Баткенде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанындагы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1973-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалган. Шектүү Баткен облусунда Кадамжай районунун туулган, мурда Өзбекстанда "Тыңчылык" беренеси боюнча соттолгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Мындан тышкары, шектүү Э.К. жашаган жери боюнча үйдү тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн "марихуана" баңгизаты табылып, алынган. Бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий