• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде музей ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Баткен шаардык мэриясы жана Баткен Мамлекеттик Университетинин биргелешкен аракети менен Баткен шаарында тарыхый музей ачылды.

Учурда музейге 2000ден ашун экспонаттар коюлду. Бул музейди ачуу демилгеси окуу жайдын тарыхчы мугалими Абдинаби Кадыров баштаган тарыхчыларга таандык.

Музейде эң байыркы биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон кол эмгек менен жасалган экспонаттар коюлган. Ошондой эле эң алгачкы ташка чегилген жазма экспонаттар да орун алды.

Музейдин салтанатуу ачылышына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, БатМУнун ректору Абдуваап Зулпуев жана Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген илимпоздор менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий