• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 15 тонна лимон кармалды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 15 тонна лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында "Баткен" бажысынын кызматкерлери Ю.Э.Э. аттуу кыргыз жараны айдап келе жаткан "Шмитц CARGBUL" чиркегичи чиркелген "Вольво FH 24T" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алган.

Унаада коңшу мамлекеттен алынып келе жаткан 14 тонна 764 килограмм лимон болгон. Бирок айдоочу, товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын баасы 1 млн 107 миң 263 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий