• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде мыйзамсыз ташылып келген күрүч жана тамеки кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген күрүч жана тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пулгөн айылында “Mersedes-Benz 315” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 53 кап жалпы салмагы 1 миң 365 кг болгон “Uzrise Made in Uzbekistan” үлгүсүндөгү “Лазер” күрүчү жана 7 миң таңгак (140 миң даана) “Mong gold, Mond black super slims” үлгүсүндөгү акциздик маркасы жок тамеки продукциясы табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий