• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Нооруз майрамын белгилешти

Аймак 0

Ош, 22-март /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Баткен шаарында жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамынын урматына жалпы элдик майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада куттуктоо сөзу менен КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев жана коңшу Өзбекстан, Тажикстан республикаларынан келген меймандар сүйлөштү.

Майрамды белгилөөгө арналган улуттук оюндар, облустук А.Жайнаков атындагы драма театрынын актерлорунун театралдаштырылган оюну уюштурулуп, улуттук “сүмөлөк” даамы даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий