• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Баткенде “Нооруз-2022” элдик майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-мартта Баткен шаарындагы ат майданда көк бөрү оюну башталган. Бүгүн мелдештин экинчи күнү өтүп жатат. Мелдешке Ош шаары, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жалпы 12 команда катышууда. Финалдык оюн 21-мартта болот.

Мындан сырткары, 20-21-мартта спорттун эр эңиш, салбуурун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Турнирлер көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун оюндарынын маданиятын эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана өлкөнүн жети дубанына жайылтуу максатын көздөйт. Ошондой эле дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат.

Улуттук ат оюндары 17-марттан 21-мартка чейин улантылат. Мындан сырткары, 20-21-март күндөрү кыргыз улуттук классикалык күрөшү болот.

Пикир

Оставить комментарий