• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде Ноорузду майрамдоого чыккан төрт бала дайынсыз жоголду (сүрөт)

Аймак 0

Ош, 23.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облусунда 21-мартта эртең менен Ноорузду майрамдоого чыккан төрт бала дайынсыз жоголду. Бул тууралуу облус ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында жашаган 17 жаштагы Адилет Полотов жана 12 жаштагы Азизбек Мамытов үйдөн саат 9:00дө чыгышкан. Туугандарына Нооруз майрамы белгиленип жаткан шаардын борбордук стадионун барабыз деп айтышкан.

Ушул эле күнү 16 жаштагы Кубат уулу Бекболот жана 11 жаштагы Илимбек Ташбаев да дайынсыз жоголушкан. Алар Баткен облусунун Бужум айылынын тургундары.

Жоголгон төрт бала тең азыркыга чейин үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Милиция дайынсыз жоголгон балдарды издөөдө жарандардан жардам сурайт.

Пикир

Оставить комментарий