• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде оңдоо иштерине байланыштуу айрым аймактарда жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» компаниясы Баткен облусунда жайгашкан «Айдаркен» газ бөлүштүрүүчү станциясында пландалган капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу 5-октябрдан 8-октябрга чейин Баткен облусунун айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотоорун маалымдайт.

Маалыматка ылайык, өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Баткен облусунун Айдаркен шаарында жана Жал, Эшме, Кичи Айдаркен, Шахшах айылдарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

Белгиленгендей, оңдоо иштери газ бөлүштүрүүчү станциянын ресурсун калыбына келтирүү жана жылытуу сезонунда жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү максатында өткөрүлүп жатат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Биз жаратылыш газын колдонууда коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушун каалайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий