• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде облус башчысынын шахмат боюнча кубогу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Баткен шаарындагы А.Имаров атындагы орто мектептин спорттук залында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча кубогу расмий ачылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө, акылдын гимнастикасы болгон спорттун бул түрү боюнча мелдеш, мындан ары ар дайым салтка айланып өткөрүлөрүн айтып, спортчуларга ийгилик каалады.

Баткен облусунун аймагында жашаган 16 жаштан жогорку жаштагы жарандардын катышуусунда өтүп жаткан мелдешке жалпысынан 100дөн ашык оюнчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий