• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде обончу Апаз Жайнаковдун эстелиги орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Баткенде обончу Апаз Жайнаковдун эстелиги орнотулат, - деп маалымдайт өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысы Жаныбек Жалалов 2020-жылы өрүк зар аймагындагы театр, маданият жана искусство тармагынын өсүп өнүгүүсүн колдоого алган өзгөчө салымы үчүн “Өрүк зар меценаты” диплому менен сыйланды.

Сыйлык Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жетекчилиги жана жамааты тарабынан тапшырылган.

Аталган театрдын жамааты облус башчысына КРнын эл артисти Апаз Жайнаковдун эстелигин тургузуу демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл Баткенден чыккан таланттуу обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун эстелигин куруу демилгесин ийгиликтүү ишке ашуусун жана анын курулушун, жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий