• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде оор кылмыш жасап, качып жүргөн 4 өзбек жараны изделүүдө – сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек 05.04.19. /Кабар/. Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында оор жана өтө оор кылмыштарды жасап, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Өзбекстандын 4 жараны изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалгандар;

1. Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич - 03.01.1979-жылы Фергана районунун Кургон-Тепа айылында туулган. 2000-жылы каракчылык, тоноочулук жана мал уурулук жасоого шектелүүдө;

2. Арзиев Шерзод Алишерович - 22.11.1988-жылы Фергана шаарында туулган. 2012-жылы алдамчылык, автотранспорт каражатын ээлеп алуу, каракчылык жасоого шектелүүдө;

3. Тешебаев Эркин Уктамович - 02.06.1966-жылы Фергана районунун Кувасай шаарында туулган. 2006-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы боюнча;

4. Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович - 09.03.1993-жылы Фергана облусунун Сох районунунда туулган. 2018-жылы Beeline компаниясынын тармагын бузуп, компьютер аркылуу акча уурдаган хаккер.

"Эгерде сүрөттөгү адамдардын кимдир бирөөсүн таанып, билип же жүргөн жерин аныктап калсаңыздар, анда төмөнкү телефонго кайрылыңыздар. +996 3655 50229, +996 502777702, +996 776040744. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет жана акчалай сыйлык тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий