• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде парламенттик шайлоо күнү 1,2 миңге жакын милиция кызматкери иш алып барат

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Баткенде парламенттик шайлоо күнү 1 миң 200гө жакын милиция кызматкери элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өздүк курамга 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө кызматкерлер арасында укук бузууларды алдын алуу, мыйзам бузуучулукка жол бербөө, ошондой эле шайлоого аралашпоо боюнча бир катар эскертүүлөрдү берди.

Милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экени текшерилди. Ар бир кызматкердин формасынын кышкы сезонго даярдыгы жана кызматтык күбөлүктөр текшерүүдөн өткөрүлдү.

Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн кызматкерлер Баткен облустук милициясы тарабынан чыгарылган чөнтөк китепчелер менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий