• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Баткенде парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Отурум президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаевдин төрагалыгында өткөрүлдү. Жыйынга облустук штабдын курамына кирген өкүлчүлүктүн аппараты, район, шаар башчылары мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Тулаев парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын, уюшкандыкта өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларынын уюштуруучулук-техникалык базасын камсыздоо керектигин айтты. Ошондой эле мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн убагында коомдук тартипти сактоо камсыздалышы керектигин билдирди.

Ал ошондой эле добуш сатып алууга жана административдик ресурстарды колдонууга каршы өз убагында натыйжалуу аракеттерди көрүү жана бул боюнча коомчулукка жарыялоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында шайлоочулардын тизмесин тактоо, аларды биометрикалык каттодон өткөрүү боюнча жумуштарды жогорку деңгээлде алып баруу сунушталды.

Мындан сырткары, өлкөдө орун алган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарандардын жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу иш аракеттерди бекитилген алгоритмдин негизинде алып баруу тапшырылды.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу Баткен медиа борборунан, радио, гезиттерден жана социалдык тармактардан онлайн маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий