• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын көчмө жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда, 28-ноябрда өтчү ЖК депутаттарын шайлоо даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйыны Баткен облусунда өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, штабдын жыйынына КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Отурумда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облус аймагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип өттү.

Өкүл өз сөзүндө шайлоону ачык-айкын, таза, мыйзам бузуусуз өткөрүү боюнча бардык аракеттер көрүлөөрүн билдирди. Ошондой эле адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча облус активине бир канча талаптарды койду.

Ал эми Марат Иманкулов бул шайлоо 30 жыл ичинде өткөн шайлоолордон айырмаланып өзгөчө шайлоо болоорун белгиледи. Ар бир партияга жана талапкерге бирдей шарт түзүлүп, административдик ресурстарга жол берилбей тургандыгын айтып өттү. Эгерде мыйзам бузуу катталса шайлоо компаниясы тарабынан учурунда ыкчам реакция жасалып, катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КР ЖК депутаттарын аралаш система менен шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо этаптары, эрежелери боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, КР ЖК депутаттарын аралаш система менен шайлоону өткөрүү боюнча облус аймагында жалпы 218 шайлоо участкасы иштейт. Ал эми бир мандаттуу депутаттарды шайлоо боюнча үч шайлоо округу түзүлгөн.

Облус боюнча шайлоочулардын жалпы саны 305 миң 53.

Пикир

Оставить комментарий