• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде "Портер" менен "Ниссан" унаалары кагышып, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Баткен шаарынын Садыков көчөсүндө болжол менен саат 00:57де эки унаа кагышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Портер" менен "Ниссан" унааларынын кагылышынан улам 5 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу жабыркагандарды унаалардан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий