• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде өрүктүн эрте быша турган сорту сатыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Баткендин бренди болгон өрүктүн "ак өрүк" сорту бышып, түшүм берип жаткан учуру. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өрүк сортуна жараша 35 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатат. Бул баа өткөн жылга салыштырмалуу 15-20 сомго кымбат. Былтыр ак өрүк 30-35 сомго чейин бааланган. Жергиликтүү ишкерлер өрүктү чет өлкөгө да экспорттоп баштады.

Баткен облусунун аймагында 10 миң гектардай өрүк аянты бар. Жалпы өрүктүн 20дай сорту отургузулган. Облус боюнча жылына өрүктөн түшкөн орточо киреше 8 миллиард сомдун айланасында болот.

Пикир

Оставить комментарий