• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде рейд жүрүп, жол эрежесин бузган 800 айдоочуга протокол түзүлдү

Аймак 0

Бишкек. 26.10.20. /Кабар/. Баткенде рейд жүрүп, жол эрежесин бузган 800 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2020-жылдын 17-25-октябрь күндөрү Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бир жумалык комплекстүү профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө жалпысынан жол эрежесин бузган 800 айдоочуга карата КРнын бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлгөн.

Анын ичинен мас абалда унаа башкарган - 29, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 7, ылдамдыкты жогорулатып унаа башкаргандар - 202, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылаткандар - 9 жана мамлекеттик белгиси жок унаа башкарган бир айдоочу аныкталып, 63 унаа убактылуу айып аянтчасына токтотулду.

"Бул иш-чаранын негизги максаты жол кыймылында айдоочулардын жол эрежелерин так сактоосу, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий