• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенде рейддик иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Баткен районунда өткөн рейддин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун аймагында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлүп, базарларда, соода түйүндөрүндө кайырчылык кылып жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында тиешелүү иштер аткарылды.

Бул иш-чарага жергиликтүү айыл аймактардын өкүлдөрү, социалдык коргоо жана билим берүү органдарынын кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо комиссиясы милиция кызматкерлери менен биргеликте район аймагындагы кароосуз калган имараттар, эч ким жашабай калган жайлар толугу менен текшерилип чыкты.

Жалпысынан 91 дүкөн жана компьютердик клубдар текшерилип, түнкүсүн саат 22:00дөн баштап көчөдө максатсыз жүргөн 23 өспүрүм аныкталып кармалды. Буларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси ("Ата-энелик милдеттерден качуу") менен протоколдор толтурулуп, ата-энелеринин иштеген жерине 2 сунуш жиберилди.

Ошондой эле рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 21-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан Чоң-Гара айылынын 12 жаштагы тургуну Ж.А. Ош шаарында экендиги аныкталып, 27-январь күнү Баткен шаарына алынып келип, милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий