• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде саат 14.00гө карата шайлоочулардын 28,5 % добуш берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Баткен облусунда 200 шайлоо участкаларында добуш берүү активдүү жүрүп жатат. Саат 14.00гө шайлоочулардын 28,5% шайлоого катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Президентик шайлоого КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы №8163-участкадан добуш берди. Облус башчысы Кыргызстандын жаркын келечеги, өнүгүүсү жана стабилдүүлүгү үчүн татыктуу талапкерге добуш бергенин билдирди.

Облус боюнча 243 723 шайлоочу бар.

Ал эми көчмө урнага облус боюнча 1374 арыз келип түшүп 2017-жылдын 14-окябрь күнү жер жерлерде көчмө урналар боюнча жарандар добуштарын беришти. Жыйынтыгында көчмө урна боюнча шайлоочулардын 86,1% добуш берди.

400 ички иштер кызматкерлери, 800 ыктыярдуу элдик кошуундар коомдук тартипти камсыз кылууда кызмат өтөп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий