• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде дээрлик 3 тонна контрабандалык лимон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Баткенде салмагы дээрлик 3 тонна контрабандалык лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Караван айылында М.М. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Унаадан жалпы салмагы 2 тонна 775,5 кг түзгөн лимон табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 138 миң 775 сомду түздү.

Бул факт боюнча материалдар Бажылык териштирүү тобуна өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий