• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана “Достук” фестивалы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана “Достук” эл аралык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев катышууда.

Фестиваль калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө аркылуу алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу үчүн белгиленип жатат.

Программа боюнча 23-апрель күнү саат 11:00-17:00гө чейин “Айтуучулук күнү” өтүп, анда манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты өтүп, ага жергиликтүү тургундар жана меймандар күбө боло алышат.

Ал эми 24-апрель күнү 10:00-13:00гө чейин “Аспапчылык” багытта комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма темир ооз комуз, жыгач ооз комуз чертүү өнөрү менен уланат.

Эске салсак, иш-чара Маданият министрлиги тарабынан 2004-жылдан бери Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык белгиленип, быйыл он жетинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий