• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2021-жылдын 23-25-апрель күндөрү Баткен шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.

Иш-чара калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдер менен ынтымакты бекемдөө, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат.

Ошондой эле иш-чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.

Фестивалдын ачылыш аземи 23-апрелде саат 10:00дө А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында өтөт. Аны менен катар Бишкек шаарында “Коомдук руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий- практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.

Программага ылайык, 23-апрель күнү саат 11:00-17:00гө чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);

  • 24- апрель күнү (А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театры):

- 10:00-13:00 чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);

- 14:00-17:30 чейин - “Аваздык- аспапчылык” багыт (ашыктык , раман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);

- 17:30- 19:00 чейин – Аспапчылык жана аваздык- аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол.

  • 25-апрель күнү (Баткен шаарынын борбордук аянты):

- 9:30- 10:00 чейин - Улуттук кийимдердин парады;

- 9:30 – 18:00 чейин - Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси;

- 10:30 “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалынын Гала-концерти өтөт.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги менен өтүп, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте иш алып барат.

Мындан сырткары, 23-25-апрель күндөрү Маданият министрлигине караштуу балдар музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата ар кандай багыттагы иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий