• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы жыйынтыкталууда

Аймак 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы жыйынтыкталууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалынын үчүнчү күнү улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.

Андан соң фестивалдын Гала-концерти башталып, ага маданият министри Кайрат Иманалиев жана Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.

Белгилей кетсек, фестивалга коңшу Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү катышууда.

Бул күнү облус башчысы Өмүрбек Суваналиев министр Кайрат Иманалиев менен жолугушуп, облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду корсөтүү менен тыгыз иш алып барууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий