• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга 178 миң сомдук айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга жалпы суммасы 178 миң сомго айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда.

“Облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан санитардык норманы сактабаган ишканаларга эскертүүлөр берилип, айыппул салынып, тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин санэпидкөзөмөл борбору тарабынан 1 миң 364 обьект текшерилип, анын 425ине эскертүү берилип, 146 ишканага жалпы суммасы 178 миң сомго айыппул салынды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий