• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткенде санитардык талаптарды сактабаган 87 объект айыппулга жыгылды

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 87 объект айыппулга жыгылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 11-майдан бери ишин жанданткан ишканаларда күн сайын текшерүүлөр жүрүүдө.

"Анын натыйжасында санэпидкөзөмөл борбору тарабынан 867 объект текшерүүдөн өткөн. Анын ичинен 280 ишканага эскертүү берилип, 87 объектке жалпы суммасы 109 миң сомдук айыппул салынды", - дейт ал.

Максутов кошумчалагандай, коомдук транспорттордо да тиешелүү адамдар тарабынан рейд жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий