• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде санитардык талаптарды сактабаган объектилерге жалпы суммасы 89 миң сомго айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган объектилерге жалпы суммасы 89 миң сомго айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагындагы базарлар жана башка жерлерде текшерүү иштери жүрүүдө. "Санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге айыппул салынууда. Бүгүнкү күндө айыппулдун жалпы суммасы 89 миң сомду түздү", - дейт Саттарова.

Пикир

Оставить комментарий