• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде сел күч алып: үйлөрдү каптап, малды агызып кетти

Аймак 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Баткен районунун Рават айылында 2-июлда кечинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, 22 үйдү каптап, 3 уй жана 2 эчкини агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

3-июлда Жарандык коргоо комиссиясы текшерип чыкты. Атайын техника менен калыбына келтирүү, тазалоо иштери аткарылды.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл адистери 6 үйдүн короосун дезинфекциялашты. Иштер 4-июлда улантылат.

Ошондой эле, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-июлда 18:00дө катуу жааган жамгырдан Кызыл-Эшме айылында сел жүрүп, 2 үйдү каптап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий