• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенде сел жүрүп, үч унааны агызып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Баткен районунун Актатыр айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен 2017-жылдын 25-май күнү саат 17:00 чамасында Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 200 метр ички чарбалык жолду сел агымы кум шагылга толтурган.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен. Жабыркагандар жок.

Мындан тышкары, Самаркандек айыл аймагында кечээ жааган жамгырдын кесепетинен 3 турак үйгө суу кирген. 1 курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен. 1 электр мамысынын астын сел суусу жууп, кыйшайып калган.

Сел жүргөн айылдарга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакка барышкан.

Жеринде текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий