• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады

Аймак 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-июнь күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айыл аймагында кыска мөөнөттө катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Газ айылындагы ички чарбалык жолдун 1 чакырым аралыгын ар жеринен сел суулары каптаган.

Сел токтоп, жол каттамы ачылган. 15-июнь күнү ЖК комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт

Пикир

Оставить комментарий