• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде сел жүрүп, ички жолдорду жууп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Баткенде сел жүрүп, ички жолдорду жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июнда саат 17:30 чамасында Баткен районунун Суу-Башы жана Актатыр айыл аймактарында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Кара-Токой айылынын болжол менен 150 метр ички чарбалык жолдорун. Ошондой эле Үч-дөбө айылындагы ички чарбалык жолдорду сел суулары жууп кеткен.

9-июнь күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ал эми бүгүн, 10-июнь күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий