• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде сел жүрүп, оңдолгон алты көпүрөнү жараксыз абалга алып келди

Аймак 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 19:30да Орозбеков айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, 24-июль күнү калыбына келтирилген 6 көпүрөнү кайра жараксыз абалга алып келген.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу, айыл аймактын өкүлү чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет 28-июлга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий