• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде сел жүрүп, унаа жолду каптады

Аймак 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунда жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел суусу ашып, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 280-чакырымын каптаган. Учурда оор жүк ташуучу унаалар өтүп жатат, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкелерин сел каптаган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий