• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде шайлоо учурунда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тренинг өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Баткен шаарында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушунда укук коргоо органдарынын ролу жөнүндө” аталышындагы тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев облус аймагындагы коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Иш-чарага Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, прокуратура кызматынын жана борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Кызматкерлер үчүн атайын чыгарылган китептер, эскертмелер таркатылды.

Аталган иш-чарада шайлоого карата адистер тарабынан төмөндөгүдөй темалар боюнча окуулар өткөрүлдү:

- Шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси жана координациялык топтордун ыкчам аракеттенүүсү;

- Шайлоонун катышуучуларынын конституциялык жана укуктук жоопкерчилиги;

- Шайлоочулардын мыйзам бузган учурдагы кылмыш жоопкерчилиги;

- КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы шайлоочулардын добуштарынын сатылууларын алдын алуу;

- Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө;

- Административдик ресурстун кыянаттык менен пайдаланылуусу;

- Шайлоо мыйзамдар жаатындагы кылмыштарды жана жоруктарды иликтөөнүн методологиясы.

Тренингдин жүрүшүндө адистерге кызматкерлер тарабынан суроо-жооптор болуп, талкуулар жүрдү. Кызматкерлер өздөрү кызыккан суроолорго кенен жоопторду алышты.

Иш-чаранын негизги максаты 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий