• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Баткенде үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, штабдын жыйыны президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаевдин төрагалыгында өткөрүлгөн.

Жыйынга облустук штабдын курамына кирген өкүлчүлүктүн аппараты, район, шаар башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын, уюшкандыкта өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларынын уюштуруучулук-техникалык базасын камсыздоо керектигин айтты. Ошондой эле мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн убагында коомдук тартипти сактоо камсыздалышы керектигин билдирди.

Мындан сырткары, өлкөдө орун алган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарандардын жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иш аракеттерди бекитилген алгоритмдин негизинде алып баруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий