• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде шайлоого карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов гарнизондук саптык кароо өткөрдү.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, гарнизондук кароого ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасы, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Баткен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышып, шайлоого карата даярдыктары текшерилди.

Мурат Боронов өздүк курамга кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргоого, коштоп жүрүүгө тыюу салынарын айтып, административдик ресурс боюнча маселе жаратпоого чакырды.

Ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, түшкөн маалыматтарга ыкчам аракеттерди көрүү ар бир милиция кызматкеринин милдети экендигин эскертти.

Гарнизондук кароонун жыйынтыгында ар бир бөлүктөр саптык кадам менен өтүштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий