• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде Сох дарыясынын жээги бекемделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун кооптуу тилкелерди аныктап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тапшырмасынын негизинде учурда Баткен облусунун аймагында кооптуу участкалар такталып, табигат кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул багытта учурда Кожешкен Сох дарыясынын Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагы аркылуу өткөн жээктерин бекемдөө жумуштары ӨКМ, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жасалууда.

Узундугу 400 метр болгон жээктеги жумушка жергиликтүү бийликтен 9 техника 2,5 тонна күйүүчү май, ӨКМден 2100 тонна күйүүчү май берилди. Жээкти бекемдөө жумуштарынын натыйжасында 46 турак үй суу каптоо коркунучунан корголорун адистер белгилешет.

Дарыя жээгиндеги абалдан кабар алган КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев тийиштүү жетекчилерге мындай өзгөчө кооптуу аймакка, өзгөчө көңүл бөлүп, керектүү техникалар, күйүүчү май менен убагында камсыздоону тапшырды.

Белгилей кетсек, Сох дарыясында 40 кубдан, 320 метр кубга чейин суу агат. Учурда дарыядагы суунун көлөмү 85 кубду түзөт. Жыл сайын жаз мезгилинде чоң көлөмдөгү суунун келиши менен дарыя жээгиндеги айыл элинин негизги киреше булагы болгон күрүч талааларын жууп кетип дыйкандарды чыгымга учуратат. Жыл өткөн сайын дарыянын кооптуулугу жогорулап, учурда бул аймак облустагы кооптуу аймактын катарында турат.

Айрым тилкелеринде калктуу конуштарга жакын калып, кооптуу учурлар жаралып турат. Ошондой эле, бекемдөө жумуштары жүрбөсө дарыя жээгиндеги жогорку чыңалуудагы электр линияларын да алып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан бул аймакта ар дайым жээкти бекемдөө жумуштары жүрүп турат. Буга далил ушул эле Кожешкен Сох дарыясынын аркы жээгинде узундугу 200 метр болгон капиталдык курулуш, дамба бүткөрүлгөн.

Андан ары өкүл Өзбекстан республикасынын Сох районунун Тул айылы менен чектеш жайгашкан Ак-Турпак айыл аймагынын эң четки Кара-Тумшук айылында курулуп бүткөн селден коргонуучу тосмону көрдү. Тосмо 70 миң куб сууга ылайыкташтырылып, тоодон келген селди айылга киргизбей, түтүктөр аркылуу сайга куюуга ыңгайлаштырып курулган.

Пикир

Оставить комментарий