• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде соттук иштердин сапатын жакшыртуу милдеттендирилди

Аймак 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Баткен облусундагы райондук, шаардык жана райондор аралык соттордун 2017-жылдын алты айындагы сот адилеттигин ишке ашыруусу боюнча жыйыны өттү. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ага Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев, төраганын орун басарлары Сооронбай Карабаев, Зарипбек Аданбаев облустук соттун судьялары, район, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышты.

Баткен облусундагы райондук, шаардык жана райондор аралык сотунда жалпысынан 2639 иш каралып бүткөн. Алты айдын ичинде чыгарылган соттук актыларынын кылмыш иштери боюнча 31,4 пайыз экинчи инстанцияга датануулар болгон. Ал эми жарандык иштер боюнча 3,8 пайызга даттануулар болгон болсо, административдик иштер боюнча 18,9 пайыздын тегерегинде, экономикалык иштер боюнча 12,2 пайыздык көрсөткүчтө даттануулар болгон. Жалпысынан чыгарылган соттук чечимдердин сапаты боюнча, жыйындын катышуучулары канааттандыраарлык деп табышты.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйында Баткен облусунун райондук жана шаардык сотторунда 2016-жылда каралган КРнын АЖжКнын 238-беренесиндеги “Айдоочулардын же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу, ошого тете транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү” боюнча административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди жалпылоо боюнча маалымат угузулуп, талкуу жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда жетекчилик тараптан соттук иштердин сапатын жакшыртууга жакшы көңүл бурулуусу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий