• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Баткен облусунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ооган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.

Андан соң салтанаттын экинчи бөлүгү расмий түрдө ачылып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чарага облустук күч түзүмдөрүнүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, Ооган согушунун ардагерлерин куттукташты.

Белгилей кетсек, Ооган согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышып, алардын 300дөн ашууну курман болгон. Анын ичинен Баткен облусунун аймагынан барган 774 жоокердин 27си кайтпай калган. Учурда 458 Ооган согушунун катышуучусу арабызда.

Пикир

Оставить комментарий