• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде өспүрүм кызды коркутуп, телефонун алып кеткен жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Баткенде өспүрүм кызды коркутуп, телефонун алып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "каракчы" операциясынын жүрүшүндө тоноочулук фактысы ачылган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Кызыл-Кыя шаарынын Солнышко жана Жусубалиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жигит 15 жашар кызды коркутуп, колундагы "Самсунг-J5" үлгүсүндөгү телефонун алып кеткендигин аныкталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн "каракчы" операциясынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы Х.А., аттуу жараны кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий