• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кырсыктардын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук милициясынын жана Сүлүктү шаардык милициясынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүн күчөтүүдө.

Кокустук фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо максатында шаар аймагындагы жайкы эс алуучу жайлардын (бассейн), сууга түшүүгө тыюу салынган жайлардын, көлмөлөрдүн, суу өтүүчү чоң арыктардын эсебин тактап, бөөдө кырсыктардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында иш-чараларды уюштурду.

Иштин жүрүшүндө жер-жерлерде орун алган көлмөлөрдүн, булактардын, суу өтүүчү чоң арыктардын бойлорунда жакын жашаган тургундарга жана сууга түшкөн өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Жайкы эс алуу жайларынын ээлерине өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн сунуштар берилди. Шаар аймагындагы эл көп топтолуучу жайларга атайын эскертме кагаздары чыгарылып, керектүү жайларга чапталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында кооптуу участокторго эскертүү тактайчалары орнотулуп, сууга түшүүгө ылайыктуу жерлерге эскертме жарнактары илинди.

Пикир

Оставить комментарий