• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде спортчулар өкүлдүн сыйлыгына татыды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов спорттун волейбол түрү боюнча Борбордук Азия чемпиондору Эмил Идирисов жана Жамал Мусаевге Ардак грамотасы, энчилүү сааттар жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчулар КР курама командасында ойноо менен, Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болууга жетишишкен.

Алар 2019-жылы Непал мамлекетинин борбору Катманду шаарында өткөн Борбордук Азия чемпионатында биринчиликти багындырышкан.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жаш спортчуларга ийгилик каалоо менен, жергиликтүү бийлик спортчуларды ар дайым колдоого алаарын жана спорт жаатында заман талабына ылайык шарттарды жаратуу аракеттери көрүлөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек 2019-жылы бокс боюнча Азия чемпиону Акжол Сулайманбек уулу да , WFA Asia боюнча үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргой алды.

Ал эми дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Дилдора Рахмонова, Польшада өткөн спорттун таяк тартыш түрү боюнча Эл аралык мелдеште алтын медалды жеңип алды.

Спорт чебери Алымбек Рахимов болсо, пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону титулун сактоо менен бир катар жаш спортчуларды тарбиялап келет.

2019-жыл ичинде облустун аймагында бир катар спорт комплексттери менен катар, 16 кичи футболдук аянтчалары курулуп, ишке берилди.

Пикир

Оставить комментарий