• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде суициддин алдын алуу боюнча жоокерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Баткенде суициддин алдын алуу боюнча жоокерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы №707 аскер бөлүгүндө Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров “Суициддин алдын алуу” темасында өз баяндамасын жасап, аскерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Адам кыйынчылыктан өлүп эле кутулам деген болсо, ал анын алсыздыгы. Ал эч качан кутула албай турган тозокту унутуп койгон. Чыныгы эркек кыйынчылык келгенде андан качпай, аны менен күрөшүп, жеңгенге аракет жасайт. Эркек адам өзүн гана эмес, жакын адамдарын да коргой билүүсү үчүн күчтүү болуусу керек. Бул үчүн физикалык күч жетишсиздик кылат. Анткени куш эки канаты менен учат. Руханий жакты күчтөндүрүү башка түшкөн кайгы-капаны жеңүүдө жардам берет”,- - еди облус казысынын орун басары.

Ошондой эле жыйында мекенге кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана күчтүү болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий