• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө. Узундугу 2,5км болгон канал жергиликтүү эл жана бей өкмөт уюмдардын биргелешкен аракети менен курулууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштери менен жеринде таанышып чыккан.

"Курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму тарабынан 55 миң АКШ доллары каралган. Ал эми Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1,5 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, жергиликтүү демөөрчүлөр да ири өлчөмдө каржылык колдоо корсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, курулуш иштерине айыл жаштары да көмөктөшүүдө.

Каналдын суусу Суу-Башы булагынан келет. Суунун көлөмү бир кубду тузөт. Кара-Булак айылы бул сууну ичүүчү жана сугат суу катары пайдаланат. Каналдын курулуш иштерин ушул жылдын 15-майына бүткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий