• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде сырттан келген унаанын салонунан 900 литр күйүүчү май табылды

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Баткенде сырттан келген унаанын салонунан 900 литр күйүүчү май табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (“Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында Лейлек районунда жайгашкан “Россия” май куюучу жайынын кампасына жана ага тийиштүү аймакка тинтүү жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда “Опел Зафира” жүргүнчү ташуучу унаа менен Кыргызстандын аймагына өткөрүү бекеттеринен тышкары жерден кирип келген коңшу өлкөнүн З.Н. аттуу жараны кармалган.

“Күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн атайын жабдылган цистерна (бак) 900 литр күйүүчү май менен толтурулган. Бак унаанын салонуна атайын орнотулгандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалган З.Н. Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий