• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, Кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган, улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиев аталарыбыздын эстеликтерине гүл чамбарларды коюшту.

Эскерүү аземинде тарыхый окуя Улуу Октябрь Социалисттик революциясы, саясий репрессиянын курмандыктары жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү сыяктуу тарыхый окуялар эскерилди.

Аземдин соңунда ата бабалардын арбагына багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, 2017-жылы атайын президенттин жарлыгына ылайык 7-8-ноябрь күндөрү жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий