• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде “Тазалык” ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Баткен шаардык мэриясы Айыл Банк аркылуу лизингге шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыгын сактоо максатында, жалпы суммасы 16 млн сомдук, 5 атайын техникаларды сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытай мамлекетинен чыгарылган ХОВО үлгүсүндөгү 3 таштанды ташуучу, 1 суу чачуучу, 1 бийиктиктеги жумуштарды жасоочу автоунаалар, шаардын муниципалдык менчик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, шаар мэри Мамыржан Рахимов, Айыл Банк ААКнын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаевдер, айдоочуларга автоунаалардын ачкычтарын тапшырышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен шаардык мэриясынын “Тазалык” ишканасынын балансында, эскилиги жеткен 4 техника болуп, шаардын тазалыгын сактоодо көйгөйлөр жаралып келген. Мындан улам аталган ишкананын материалдык базасын чыңдоо үчүн, жаңы техникалар алынып келинди.

Бүгүнкү тапшырылган техникалар Баткен шаарынын 30миңге жакын калкын, 6400 кожолукту тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий