• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде Тажикстан менен чектеш айылдарда коронавируска текшерүү иштери жүргүзүлө баштайт

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш айылдарда коронавируска текшерүү иштери жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова билдирди.

"Азыркы учурда Тажикстанда коронавирус боюнча абал күндөн-күнгө күчөп жатат. Биздин облус Тажикстан менен чектеш турат. Айрым айылдар өтө жакын болуп, кыргыз, тажик жарандарынын турак үйлөрү шахмат түрүндө жайгашкан. Ошондуктан биз чек ара аймактарында коопсуздук чараларын – чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттердин, санитардык-карантиндик пункттардын иштерин күчөткөнбүз. 1-майдан баштап Тажикстандан биздин облуска 61 студент келген. Алардын ичинен жети кишиден оору аныкталган. Ал 61 студент чек арадан обсервацияга алынгандыктан үйдөгү адамдары менен байланышта болгон жок", - деди ал.

Анын айтымында, алар эртең, 22-майдан тарта чек ара аймактарында жашаган эл арасында коронавирусту аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзө баштайт.

"Эртеңден тарта чек арадагы айылдардагы жашоочулар арасында эпидемиологиялык көрсөтмөлөрдүн негизинде медициналык скрининг жүргүзөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий